Бүгүн, 1-июнда парламентте “Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып жатат.
Жалпы 110 депутат каттоодон өткөнү жазылган. Бирок жыйындар залында 20га жакын депутат отурат. Аталган токтом Жогорку Кеңештин жыйынын күн тартибиндеги акыркы маселелердин бири. Буга чейин 11 маселе каралган. Анын ичинде мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору бар.