1-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында жаңы орто мектептин ачылышы болду. Иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Архитектура курулуш турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына ылайык курулуш иштери 2014-жылы башталган. Эки кабаттан турган мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.
Сооронбай Жээнбеков ар бир адамдын жашоосунда билим берүүнүн ролу эч нерсеге алмашкыс экенин баса белгиледи.
"Билим берүү турмуштагы негизги багытты табууга, аң сезимди өстүрүп маданиятты, тилди сактоого жана коомдун түзүлүшүн калыптандырууга жардам берет. Азыркы тапта бардыгы тездик менен өзгөрүлүп жаткан заманда билим берүү чоң социалдык ролду ойнойт. Билимсиз күчтүү коом жок. Ошондуктан биз бул тармакка өзгөчө көңүл буруудабыз", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр акыркы алты жылда мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу иши активдүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Орто мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.