Индонезиялык 11 жаштагы Арья Пермана арыктай алганын "Daily Mail" басылмасы кечээ, 1-июнда жазып чыкты. Басылма аны "дүйнөдөгү эӊ семиз бала" деп атап, салмагы 190 килограммды түзөрүн, бир айда 30 килограммга арыктаганын билдирген.
Арья Пермана буга чейин 5 маал тамактанып келген. Анын табити эки чоң кишиникиндей экени айтылып, эки адамдын тамагын жей алган. Салмагы ашыкча болгондуктан ал көп кыймылдай албайт.
Энесинин айтымында, уулунун ашыкча семиздиги аны өлүмгө алып келиши мүмкүн жана ушунчалык чоң болгондуктан эч бир кийим да туура келбейт. Ошон үчүн анын ашказанынын бир бөлүгүн алып салуу үчүн жасала турган операцияга ата-энеси макул болушкан.
Дарыгерлер Пермана жыл ичинде дагы 100 килограммга чейин арыктайт деп билдиришкен. Балага 5 сааттык операция жасаган дарыгер Ханди Уинганын (Handy Wing) айтымында, өспүрүмдө инсульт жана жүрөк оорусу өнүгүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, 2016-жылы июль айында аны диетага отургузушканы белгилүү болгон.