Өкмөт башчы: "2017-жылы Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында да фитосанитардык лабораториялар ишке кирет"

1-июнда Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ысык-Көл лабораториясынын ачылышы болду. Иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин маалыматына караганда, лабораторияны оңдоо иши 2016-жылы башталып, 5,9 миллион сом каражат бөлүнгөн.

"Кыргыз элинин көпчүлүгү айыл жеринде жашап, айыл чарбасы менен алектенет. Агрардык өлкөдө өсүмдүктөрдү коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу баарынан маанилүү. Бүгүнкү күндө айыл чарба азыктарын өлкөдө ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар болгондо гана экспорттоого болот. Бул азыркы убакыттын талабы болуп калды. 2017-жылы Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында да фитосанитардык лабораториялар ишке кирет. Аны менен бирге Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат", - деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы акыркы жылдары өлкөдө төрт ири фитосанитардык лабораториялар Бишкек шаарында, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында ишке киргизилгенин белгилеп өттү.

Премьер-министр фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү финансылык каражаттардын суммасы көбөйтүлүп жатканын айтты. Эгерде бул жаатка 2015-жылы 1,5 миллион сом бөлүнсө, 2016-жылы 26,5 миллион сомду түзгөн, 2017-жылга 29,9 миллион сом каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан