ЖЫЛНААМА, 2-ИЮНЬ: 29 жыл мурун белгилүү индиялык актёр, "Чыгыштын көк көздүү падышасы" аталган Радж Капур каза болгон

Индиялык атактуу киноактёр, режиссёр, продюсер, сценарист Радж Капур Делиде 63 жашында астма оорусунан улам 1988-жылы 2-июнда каза болгон.

Ал 1924-жылы 14-декабрда Пешаварда туулган. "Индиялык Чарли Чаплин", "индиялык тасмалар атасы", жана "Чыгыштын көк көздүү падышасы" ошондой эле Орусияда "селсаяк жолдош", ал эми Европада "индиялык Пётр I" деген лакап аттар менен белгилүү болгон.
Радж Капур өзүнүн алгачкы ролун 1935-жылы "Революция" тасмасында он бир жашында жараткан.
Ал бала кезинен театр сахнасында ойноп, импровизацияга жөндөмдүүлүгүн, эмоционалдуулугун, темпераменттүүлүгүн көргөзө алган. Бирок анын кыялы кино болгон. Жогорку билим алуудан баш тартып, "Bombay Talkies" студиясында режиссёрдун ассистенти болуп иштеп, практика жүзүндө кинематографисттик адистигин өздөштүргөн. Ошону менен бирге батыштын кинематографиясынын техникалык жетишкендиктерин изилдеген.
1947-жылы бир нече башкы ролду аткарып, алардан тапкан кирешесин өзү "Күл кылчу кумар" ("Испепеляющая страсть") аттуу тасмасын жаратып, индиялык кинематографияга жаңылык алып кирген.
1953-жылы "Селсаяк" ("Бродяга") тасмасы Канн фестивалынын негизги катышуучусу болгон. Радж Капурдун тасмалары жалгыз Индиянын эле эмес, Түштүк Азиянын, Ирандын, Түркиянын, араб өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган.
1970-жылы Радж Капур "Менин атым Клоун" ("Моё имя Клоун") драматикалык тасманы тарткан. Ал "үй-бүлөлүк" эмес кино болуп индиялык көрүүчүлөр кызыкпай коюшкан соң Капур чоӊ чыгымга учураган. Ал эми 1973-жылы Капур өспүрүмдөрдүн сүйүүсү тууралуу "Бобби" тасмасын тартып, ийгилигин кайтарган.

2-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-06-02 10:30:49
abusait, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан