Дордой” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Руслан Сыдыков кызматтан кетти

Бишкектик “Дордой” футбол клубунун башкы машыктыруучусу Руслан Сыдыков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган клубдун маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, Руслан Сыдыков буга чейин өзү кызматынан кетүү тууралуу кайрылуу жасаган. 1-июнда өткөн клубдун чогулушунда бул кайрылуусу канаттандырылган.

Руслан Сыдыков 2016-жылы июнь айында “Дордой” клубун машыктырып баштаган. Ал ошол жылы “Дордой” менен Топ-Лигада 2-орунду алып, өлкө кубогун багынткан. Ошондой эле АФК Кубогунун тайпалык баскычына чейин жете алган.

Учурда “Дордой” Топ-Лигада 9 оюндан кийин 12 упай гана чогултуп, 1-орундагы “Алайдан” 13 упай калып келе жатат. АФК Кубогунун тайпалык баскычында 4-орунду алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2017-06-02 09:40:42
Улуттук курамда 4 номурда ойночу беле бул байкебиз?
0
admiral
2017-06-02 12:17:11
Давно кетиш керек эле. Дордойдун учурдагы абалына мышык ыйлайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан