Ноокенде 4 тургунга бычак сайып, издөөдө жүргөн адам Баткен облусунда чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.
"Издөөдө жүргөн шектүү Баткенден Тажикстанга чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайда", - дейт Мыктыбек Турдубеков.
Эскерте кетсек, 18-майга караган түнү Ноокен районунун тургуну төрт жердешин бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен.
20-майда Ноокен РИИБинин имаратынын алдында 100дөй адам чогулуп, качып кеткен адамды табууну талап кылышкан.