Үстүбүздөгү жылдын январь айында "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесине Боинг учагы кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачкан.
ӨКМ эсепке элден 102 миллион сомдон ашуун каражат чогулду деп, кырсыктан бир нече ай өткөн соң жабырлануучуларга жардамды таратып берди.
ӨКМ каражат которгондордун тизмесин, суммаларды ачыктабай жатканда тийиштүү милдеттерин аткарбагандыгы жана ачык-айкындыкты камсыз кылбагандыгы үчүн SUPER.KG порталы ӨКМны сотко берген. Андан кийин ӨКМ жардам көрсөтүп, атайын эсепке акча которгондордун тизмесин жарыялады. Андагы жалпы сумма 102 160 180 сом 55 тыйынды түзөт.
Дача-СУлуктарга көрсөткөн жардамдын тизмеси жана өлчөмдөрүн бул файлды ачып көрсөңүз болот.