Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы эс алуу багында аялдар мушташты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда SUPER.KG порталына Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздукту сактоо кызматынан билдиришти.
"Майрам күнү 2 аял балдары үчүн аттракционго түшүү үчүн кезек талашып мушташышкан. Алардын ызы-чуусуна балдары аралашкан. Карап тургандар ажыратууга аракет жасашып, аз убакыттын ичинде экөө эки жакка кеткен. Эч ким арыз менен кайрылган эмес", - деп билдирди мекемеден.