Бишкек шаарындагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында 19-май күнү “Дизайн Мода” моделдик агенттиги “Mini Miss & Miss Fashion KG-2013” аттуу сынак өткөрөт. Сынакка 7 жаштан 13 жашка чейинки 15 кыз, 14 жаштан жогорку 9 кыз катышмакчы. Алар сууга түшүүгө ылайыктуу кийим, спорттук жана кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн кийимдерин көргөзүшөт. Мындан сырткары көрүүчүлөргө аталган агенттиктин тарбиялануучулары концерттик кече тартуулап, ырчы Асел Турдалиеванын “Бактылуу болсун балдар” аттуу ырына жаңы тартылган клибинин бет ачары болмокчу.