Бүгүн, 2-июнда “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутаттар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчисинин айлыгы 3 миң доллар экенин айтты.
Аталган фракциянын депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында, бөлүмдүн кызматкерлери кымбат автоунаалар менен жүрөт. “Төлөнүп жаткан айлыкты алар актап жатабы? Эмне үчүн бөлүмдүн жетекчисинин айлыгы 3 миң доллар?” - деди ал.
Бөлүмдүн жетекчиси Руслан Сатыбалдиев бул кызматка жаңыдан келгенин айтып, айлык ала элек экенин билдирди. Анын маалыматы боюнча айлык маянасы 80 миң сом. Фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов кимдер тарабынан каржылана турганын сурады. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турганы белгилүү болду. Сатыбалдиев жалпы бюджет 1 миллиард 100 миллион сом экенин белгиледи. Бабанов: “3 миң доллар эмес 10 миң доллар ала бергиле, бирок таза, ачык-айкын иштегиле”, - деди.