Жол кырсыктарын азайтуу үчүн жолдо жүрүү маданиятын үйрөнүү зарылдыгы айтылды

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарында "Жол кырсыктарын жана эреже бузгандарды ким, кантип окутуп жатат?" деген темада айдоочулук күбөлүктөрдү берген мекеменин өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынан алдындагы Айдоочулар курамы жана унаа каражаттарын каттоо департаментинин башкы адиси Адылбек Рыскелдиев жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында күбөлүк берүүдө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштап жатышкандыгын айтты.

"Буга чейинки мыйзамга ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары 16 жашынан тарта автомектептерде окуп, айдоочулук күбөлүк алганга укуктары бар. Биз бул куракта балдар унаа айдоого жашы эртелик кылат, 18 жаштан кийин гана алса, акыл-эси бир азга болсо да токтолгон куракта болот. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жогорку Кеңешке сунуштама бергенге документтерди даярдап жатабыз. Жалпыбыз биргеликте жол кырсыктарын азайтууну мыйзам аркылуу гана чечишибиз керек", - деди Рыскелдиев.

Маалымат жыйынынын уюштуруучуларынын айтымында, талкууга Патрулдук милиция кызматынын да өкүлдөрдү чакырышкан. Бирок белгисиз себептерден улам алар келишкен эмес.

Жыйындын дагы бир катышуучусу Жылдыз Мурзабекова жол эрежесин бузган айдоочулар маданияты төмөн адамдар экенин айтат.

"Алсак, Европада жолдо жүрүүнүн маданиятын, эрежелерин ар бир жаран бала кезинен билет. Бизде айдоочулар жолдо бири-бири менен урушуп жаткан, жөө жүргүнчүлөр жолдун өтмөк жок жеринен өтүп жатканын көп эле көрүүгө болот. Жол кырсыктарын азайтуу үчүн биринчи кезекте өзүбүздү жолдо алып жүрүү маданиятын үйрөнүшүбүз керек. Ал эми автомектептерде айдоочуларды жол эрежесин бузгула деп окутпайт. Бул нерсе ар кимдин өзүнөн”, - деди Мурзабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ekaterinburg
2017-06-02 15:05:53
Ушул маселени кобуроок которсонор!Ото эле коп жол кырсык болуп жатат.Айдоочу куболугун саткандарга да чара колдонулса!
+1
zevs
2017-06-02 16:30:35
Mektepke sabak katary kirgizip je kansaydyr bir jol menen je mamlekettik telekanaldar menen tuwundurup iwterin jurguzso jakwy bolmok. Jok joop jurgunchunuku degen tuwunuk meege sinip kalgan adamdarda koldo tim ele kerilip basat eki jakty karoo jok. Tehnika ech kim garantiya berbeyt keede tormoz baskany jetiwe albay kalat. Owon uchun joldo turup kichine kutup situasiyaga karap anan otso jakwy bolmok.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан