Борбордогу дарактарды кыюу учурунда милиция 5 активистти кармап кетти

Бүгүн, 2-июнда Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндө дарактарды кыюу учурундагы абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Тартип сакчылары атайын автобус менен келишти.

Жергиликтүү жашоочулар дарактарды кыйып, жол куруудагы долбоор менен элди тааныштырбаганына нааразы. Ошондой эле алар милиция кармап кеткен активисттерди коё беришин талап кылып, Токтоналиев көчөсү 4 унаа батканга ылайыкташтырууга болбой турганын айтышууда. Көчө 2 унаа батканга ылайык экенин жана бул маселе боюнча тиешелүү тараптарды сотко беришерин айтышты.

Ал эми Бишкек шаардык мэриянын тиешелүү кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"5 активистти кармап кетишти. Арасында аялдар да бар. Алардын балдары ыйлаган боюнча калды. Милиция элге орой мамиле кылып, силер бул жерде жашабайсыңар деп кыйкырышты", - дейт жергиликтүү тургун Валентина Кушкарева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tyhcaiym
2017-06-02 18:13:10
бул отундарды жүктөп алпарышып эки миңден сатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан