Бишкектеги дарактарды кыюу учурунда кармалгандардын арасында экологдор да бар

Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюуда милицияга баш ийбей, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 10 жаранды кармашты.

Бул туурасында SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Милиция бүгүн Токтоналиев көчөсүнөн 10 адамды кармап, бөлүмгө алып келишкен. Алар коомдук тартипти бузуп, милицияга баш ийбей койгондугу үчүн кармалышты. Учурда кармалгандарды айыбын угузуу үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып кетишти”.

Айта кетсек, кармалгандардын арасында экологдор Дмитрий Ветошкин жана Раушана Саркеевалар бар. Ветошкин көп убактан бери шаар айланасындагы дарактарды кыюуга каршы болуп келген жарандык активист катары таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан