СУПЕРСТАН: "Жолдошум бир күн кечке жанымда болсо да, телефонун текшерип турам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уюлдук телефонду "текшерүү" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жолдошум бир күн кечке жанымда болсо да, телефонун текшерип турам. Текшергенимди ишенбегендиктен деп айта албайм, адат болуп калган".

"Бирөөнүн телефонун текшерген уят болот. Аялы болобу, апасы болобу, атасы болобу айырмасы жок. Ар бир адамдын өзүнө гана таандык нерселери болот. Мисалы, күндөлүк дептер, компьютердеги папкалар жана уюлдук телефон да алардын катарына кирет. Текшергендерди такыр жактырбайм".

"Андай нерсе мен үчүн текшерүү деп эмес, адат деп аталат. Өзүмдүн уюлдук телефонумду коюп, аныкын көтөрүп алмайым да бар, эч нерсе дебейт. Бир күнү "ушул сенин текшергениӊ..." деп баштады эле, "ме, ансыз деле күнүм өтөт" деп 2 жума карабай да, тийбей да койгом. Байкушум, меникин алып өзүнүкүн коюп кетчү болгон".

"Текшербейм. Түгөйүм да текшербейт. Бирдигим жок калса, жакындарым менен байланышуу үчүн гана телефонун сурап колдонбосом, ишенбестик кылып, текшерип "эзишмейибиз" жок. Телефонун текшергенче, байпагын жууп, көйнөгүн үтүктөп бергеним жакшы".

"Өзүмдүн жигитимдикин эле эмес, негизи эле бирөөнүн оокатын, телефонун текшерип чукулабайм. Сурап эле "берсең, көрүп берейин дейм. Ошондой тарбияланып калгам, атам да ошондой адам, жадакалса биздин уруксатыбыз жок бөлмөгө кирбейт, бирөөнүн буюмуна тийгенин да көргөн эмесмин. Ошол сыяктуу эле телефонун текшерген адатым жок, меникин да чукулаган адамды жактырбайм. Бул ишенбестик же кандайдыр бир сыр сактоо эмес, ал тарбиядан болот. Бири-бириңерге ишенсеңер, телефонду чукулап деле кереги жок. Ар бир адамдын өзүнүн дээринде болот".

"Бир күнү кечке маал бир келин чалып, ашата сөгүп туруп коюп салды. Жолдошума номерди көргөзсөм "бул Бакыт досумдун номери" дейт. Көрсө, менин телефонумдан күндүзү досуна чалыптыр. Кечинде аялы текшерип чоочун номерге чалып көрсө мен алгандыктан "концерт" коюп жаткандагысы экен. Кийин уялып жүрдү".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан