СУПЕРСТАН: "Көздүн астындагы бырыштан кантип арылса болот?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көздүн астындагы бырыштан арылуу жолу барбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мөмө жемиштен же айрандан маска коюңуз (териңизге кайсынысы жакса), анан жууп салып майлуу бет майдан манжанын учуна алып, акырындык менен сүйкөңүз. Терини чоюп албоо керек. 15-20 мүнөттөн кийин ашыкчасын акырын, сүргүлөбөй кебез же башка жумшак нерсе менен аарчып коёсуз. Негизгиси, күндө кам көрүп туруу керек, унутпай жаккан кремден (кымбат, арзан боло берет) коюп турсаңыз акырындык менен азаят".

"Зайтун майын алып, бир чай кашыктан ачкарын ичип, ошол эле май менен бетке, көздүн тегерегине туура массаж жасоо керек, кремдер жардам бербейт. Аларды жөн гана тазалоочу каражат катары пайдалансаңыз болсо керек, себеби тери денебизди сырттагы негативдүү факторлордон, микробдордон сактоочу кызматын кылат. Бет май сиңип, теринин ичине кирип азыктандырат деген ал жөн эле фирмалардын жарнамасы. Витаминдерди витаминдүү тамактардан, жашылча-жемиштерден аласыз. Өзүңүз ойлосоңуз, мисалы, алмага суу тийсе ичине киреби? Эгерде тери ичине бет май кире турган болсо, анда сыртта эмне деген микробдор, бактерия, вирустар тер менен же башка деле ар кандай жолдор менен кире берсе эмне болот элек? Терини сырттан азыктандырат деген ал билимсиздик. Кээ бир бет майлар-химикаттар, алар реакция менен терини көптүрүп, бырышы билинбей калат да, тарагандан кийин кайра терини көптүрүш үчүн дагы сүйкөө керек. Ошентип жүрүп тери аны да кабыл албай, шалбырай баштайт, анан ордуна келтирип көрүңүз. Көрдүңүзбү булардын азабы көп. Акчаңыз жөн гана асманга сапырылат".
"Чынында зайтун майын бир чай кашыктан ичип жүрсө беттин өңүн тазартат. Себеби ичке ичегиге тийгизген таасири чоң. Зайтун болбосо сапаттуу күнкарама майы да жардам берет. Бул деген бүгүн ичип эртең бырыштан арыласың дегендик эмес, баары акырындык менен болот".
"Бетиңиздин ткандык структурасы бузулганда (коллаген жана эластинде патологиялык өзгөрүүлөр болгондо) ал серпилгичтигин жоготот. Натыйжада бетиңизге мимикалык бырыштар бат түшө баштайт. Эгер 25-30 жашка чыга элек болсоңуз, бырыштарды жазууга болот. Атайын адис менен кеңешип, курамында эластиндин, коллагендин белогу, пептиддин курамынын негизинде жасалып, аминокислотанын калдыгы бар каражаттарды колдонуп көрүңүз. Бул каражаттар бырышты тыптыйпыл кылып жок кылбаса да, бырыштан пайда болгон сызыкчаларды толуктап, бетиңизди тегиздеши мүмкүн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurkyz1977
2017-06-03 10:07:53
Зайтун майы деген кара зиренин майыбы же башкабы? Билгендер айтып койгулачы.
0
Rasul94
2017-06-03 10:20:05
зайтун бизде оспозо керек.семичканын майы боло берет дептир го коройлучу
-1
Kroxa
2017-06-03 12:11:29
Rasul94,оспосо да сатылат да..оливковое масло толуп атпайбы..
+2
aminausman
2017-06-03 10:55:23
Зайтун оливковое масло
+3
Guji
2017-06-04 00:48:41
Менинда көзүмүн астында майда тырыш көп күн чакырайып тийгенде көзүмдү жымшыйтып жүрүп түшүрүп алгамын
0
Rasul94
2017-06-04 22:37:03
Guji,менде да пайда боло баштады.кара коз айнек тагынсам эл гооп калгансынбы дей беришип таккым да келбей калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан