Алмазбек Атамбаев Кабулдагы теракт жана Түркиядагы тик учактын кулаганына байланыштуу өлкө президенттерине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында болгон теракттын кесепетинен көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасы тынч жашаган жана күнөөсүз жарандарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Мындан сырткары 2017-жылдын 31-майында Ширнак провинциясында тик учактын кулашынан улам 13 аскер кызматчыларынын курман болгондугуна байланыштуу Кыргыз президенти Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

Мамлекет башчынын телеграммасында: "Бул кыйроонун кесепетинен жакындарынан айрылгандарга чын ниеттен чыккан көңүл айтуубузду жана колдообузду билдирип коюуну өтүнөм", - деп жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
leilekstan_1987
2017-06-03 00:30:31
Аша корунгонго конул айтып отура бербей. Озгондо жер кочкудон жабыркагандарга.да конул бурсан
0
Asan123
2017-06-03 11:19:41
Кача турган жери да айтбаса болчу беле
0
Kroxa
2017-06-03 12:03:19
Пейилди ондосок ошол сыяктуу кырсыктар азыраак болмок...адамдар бузулду...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан