Бүгүн, 2-июнда Бишкекте Даун синдромунан жабыркаган балдардын мода көрсөтүүсү болду. Иш-чарага балдарды колдоп ата-энелери, маданият өкүлдөрү жана башка шаар тургундары келип, балдар жана алардын ата-энеси менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Кечеге президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева жолдошу, уулу менен катышты. Ал ата-эне баласына түшүнүү менен мамиле кылганда гана бала өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезерин баса белгиледи.
Иш-чаранын уюштуруучулары балдарды бүгүнкү кечеде мода көрсөтүүсү үчүн подиумда басууга бир жарым ай убакыт даярдашканын айтышты.
"Кечени өткөрүүдөгү максатыбыз - Даун синдромунан жабыркаган балдар тууралуу элде калыптанып калган терс стереотиптерди жоюу. Даун синдрому оору эмес, баланын өзгөчө генетикалык абалы", - дешет уюштуруучулар.
Ал эми ырчы Кундуз Канатбек кызы: "Бул балдарга ата-энелери мээримин төгүп, аяр мамиле кылары байкалып турат. Бүгүнкү иш-чарада балдардын жүзүндөгү жылмаюуну, алардын бакытка толгон көздөрүн көрүп таасирленип, көзүмө жаш алдым", - дейт.
Кечеге чакырылган коноктордун бири, спортчу Айсулуу Тыныбекова балдар менен жолугушуп жатканына кубанганын айтып, аларга керек болгон жардамды берүүгө даяр экенин билдирди.
Аталган мода көрсөтүүгө демөөрчүлүк кылган дүкөн ээлери жана башка ишкерлер балдар кийген кийимдерди аларга белек кылышканын билдиришти. Мындан тышкары кечеде бийчилер өнөрлөрүн көрсөтүшүп, келген конокторго жаркын маанай тартуулашты.