Бишкекте менталдык арифметика боюнча кичинекей балдар арасында олимпиада өтөт

Бишкекте эртең, 3-июнда менталдык арифметика боюнча кичинекей балдар арасында олимпиада өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны Билим берүү министрлиги коомдук фонддор жана окутуу борборлору менен биргеликте уюштуруп жатат. Маалым болгондой, олимпиадага Өзбекстан, Казакстандан жана Кыргыз мамлекетинин аймактарынан келген 200дөн ашуун кичинекей генийлер катышат. Сынактын жыйынтыгында балдарга баалуу белектер берилет. Ал эми жеңүүчүлөр 2017-жылдын июль айында Анталияда өтө турган менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага Кыргыздын атынан катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан