Рамазан айында жарамазан айтуу салты бар. Бул жөрөлгөнү адатта Орозо айы башталгандан 15 күн өткөндөн кийин аткарышчу. Бүгүнкү күндө өздөрүнүн коопсуздугун ойлобой кечкисин Бишкектин көчөлөрүндө токтоп турган унааларга барып жарамазан айткан жаш балдарды көрүүгө болот. 4-5-класстын окуучулары жарамазан айтып, элден акча алышарын жашырышпайт.
"Жарамазанды толук айта албайм. Агамдар өткөн жылы жарамазан айтып нан, акча, таттууларды алып келген. Бирок мени өзү менен кошо алып чыкпай, үйдө отур деп урушуп койгон. Биз унааларга, дүкөндөргө барып жарамазан айтып жатабыз", - дейт өспүрүмдөрдүн бири.
Бул көрүнүш туура эмес деген шаар тургундары да бар. Алардын бири Темиралы Турдуев жарамазан айтуу убакыттын өтүшү менен өзгөрүп кеткенин айтат.
"Жарамазанды адамдар замандын талабына жараша түрдүү музыкалык аспаптар менен айтып башташты. Анан да жарамазанчылар сиздин үйүңүзгө баратабыз деп айтып эскерткендери да болуп келүүдө. Бул туура эмес. Негизи күтүүсүз айтыш керек. Албетте, жаш балдардын дүкөндөргө, унааларга көчөдө бараткан адамдарга жарамазан айтканы жакшы эмес. Биз бала кезде аталарыбыздын айтымында түн ичинде 4-5 адам чогулуп алып баштарына кызыл чүпүрөк ороп алып айтышкан экен", - деди Темиралы Турдуев.