Бишкекте 3-июнда "Дени сак аял - дени сак өлкө" деген ураандын астында "Кызыл көйнөк" аталышында акция болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында дарыгерлер кызыл көйнөк, кызыл шарф, кызыл футболка кийген аялдардын кан басымын, кандагы канттын деңгээлин текшерип, туура тамактануу боюнча кеңештерди беришти. Ошондой эле ден соолукту чыңдоо үчүн тибет гимнастикасынын көнүгүүлөрү көрсөтүлдү. Акцияга өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова, медицина кызматкерлери, студенттер катышышты.