Лондондогу терактта жабыркаган жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экени такталууда

Лондон шаарындагы окуя учурунда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргыздардын бар же жок экени такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-июнга караган түнү Лондон шаарындагы көпүрөдө турган адамдарды кичи автобус сүзүп баштаган. Унаа токтогон соң ичинен 3 адам чыгып, элдерди бычак менен сая башташкан. Окуянын күбөлөрү кырсыктан көптөгөн адамдар каза болуп, жаракат алышканын, бир нече ок атуулар болгонун айтышууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан 6 адам каза болуп, 50дөйү жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ACAH-AKA.
2017-06-04 16:49:16
Ислам мамлекети моюнга алды деп чыгышат эми.
0
Azatbek83
2017-06-04 18:05:18
Дагы биздин паспорт менен жургон биздеги шумшуктор болбосун эми.Бизди жаман корсотуп бутушту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан