Америкалык белгилүү актриса Мэрилин Монро жашаган үй 7 миллион 250 миң долларга сатылды. Бул тууралуу "Los Angeles Business Journal" басылмасы жазып чыкты.
Лос-Анжелес шаарындагы Брентвуд районунда жайгашкан особняк сатууга коюлгандан тарта 10 күндүн ичинде сатылып кеткен. 1929-жылы курулган үйдүн аянты 240 чарчы метрден ашык экени айтылат.
Актриса бул жайда өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөрүп, каза болгон. Экспертиза ал көп өлчөмдөгү уйкунун дарысын ичип алып каза тапканын аныктаган.