SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сөйкө, шакек, чынжырча тагынган жигиттер" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Пирсинги бар жигиттер жакпайт. Шакек тагынгандардын кээ бирлери жагат (нике шакеги же жарашыктуу печатка тагынып алса), а кээси колунун чыпалагына, бармагына, ортонуна дайыны жок баш сөөктүн сүрөтү бастырылган шакектерди тагынып алганы кыжырымды келтирет. Чынжырча тагынгандар такыр жакпайт. Негизи эле жигиттердин "жылтырак-пылтырак" тагынганын көп колдой бербейм. Бирок классикалык кийим кийгенде сөзсүз көйнөктүн жеңине "запонка" тагып, галстугун кыпчытып алса сонун болуп калат".
"Кыштын кыштай, кыздын кыздай, ал эми эркектин эркектей болгону эле жакшы. Жараштырып кол саат такса жагат, анан шагыратып тагып алгандар жакпайт. Бирок нике шакегин тагып жүргөндөрдү сыйлайм. Анткени менин да түгөйүмдүн нике шакегин тагып жүрүшүн каалайм".
"Жигиттер орто же жоон болгон күмүш чынжырчаны жараштырып тагып алса эрип калам. Билерик, шакек тагып алса да жагат. Бирок үчөөнү тең тагынып алганы ашыкча болуп кетет".
"Мен чынжырча, саат тагынам, күмүш билеригимди жоготтум. Жакында жоонунан бирди алам го. Ал эми сөйкө тагынган эркектерге каршымын. Анысы аз келгенсип, жалтыр-жултурлары менен сөйкө тагынгандарычы"
"Сырга таккандарды көрсөм кыжырым кайнайт. Нике шакек таккандар, моюнуна жоон алтын "трос" тагынып, жарашса жакшы эле көрүнөт. Ал эми күмүш тагынгандар такыр жакпайт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.