"Ата Мекен" Бишкекте дарактардын массалык кыйылышын парламентте көтөрөт

"Ата Мекен" фракциясы Бишкекте дарактардын массалык кыйылып жатышын парламентте талкуулоого кызыкдар. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов 2-июнда Чолпон-Атада өткөн фракциянын көчмө жыйынында билдирди. Талкууга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду чакыруу пландалууда.

Фракциянын көчмө жыйынында 3 маселе каралды. Ысык-Көл облусунда экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча өкмөттүн тийиштүү программасынын аткарылышы талкууланып, облус жетекчисинин, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өкүлдөрүнүн докладдары угулганы маалымдалды.

Депутат Каныбек Иманалиев медициналык туризм багытындагы жаӊы мыйзам долбоорун тааныштырды.

Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы "жолду кеӊейтүү" деген жүйө менен Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюуну баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
cico
2017-06-05 08:56:50
Элге жагам деп ойлоп тапканывы эскилиги жеткен дарактарды кесип жол салып пробканы азайтайын деди го. Ата мекен элге кантип жагышты амалын издеп каптр
0
Derzki_kyrgyz
2017-06-05 09:55:29
Азматтар экоо тен
+2
aerforce
2017-06-05 10:02:12
Туура жол салыш керек бирок бут каражыгач дуптарды кыйып жатат булдагы ото чон бизнес
+3
bom.bon
2017-06-05 10:51:10
aerforce,жол салса жакшы бирок бар жолду алдын жакшыы кылып ондоп алып!
-1
Nasichat
2017-06-05 10:15:21
Хан сарайга жыгач керекда.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан