Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Итагар айылындагы 15 үйдү сел алып кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Итагар айылынын башчысы Ажибек Алымкулов билдирди.
"Учурда 15тен ашуун үйдү сел алып кетүү коркунучу бар. Кечээ күнү жүргөн сел үйлөрдүн үстү тарабындагы жээкти оюп кеткен. Бүгүн дагы сел келе турган болсо 5-6 үйдү алып кетет. Кырсыкты алдын алып сайдын жээгин тосуу үчүн техникалар келишин күтүп жатабыз”, - дейт ал.
Итагар айылынын тургуну Бекмырза Абдыразак уулу жергиликтүү бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканына нааразы.
“Сел 3-4 үйдү жана 15тей үйдүн айдоо жерин каптап кетти. Эртең менен ӨКМнын кызматкерлери менен айыл өкмөт башчысы келип айылдын абалы менен таанышышты. "Сел ашып кетүүсү мүмкүн болгон коркунучтуу жерлер оңдолобу?" - десек "азырынча бизде техника жок, табууга аракет кылабыз болсо жиберебиз", - дешкен. Акимдин орун басары келип айылдын кире беришиндеги сел алып кеткен көпүрөнү көрүп эле кетип калыптыр, айылдын абалы менен таанышкан жок", - дейт Бекмырза Абдыразак уулу.