Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны президент "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" наамы менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн соттук реформасынын укуктук негиздерин курууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртууга салымын кошкон бир катар инсандарга сыйлыктарды ыйгарды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.

"Даңк" медалы менен президенттин алдындагы Соттук реформа боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Евразия экономикалык биримдигинин сотунун Кыргыздын атынан судьясы Галина Скрипкина сыйланат;

Өлкө башчысы муну менен катар "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" наамы менен төмөнкүлөрдү сыйлады:

Эксперттик топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева;

Эксперттик топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулугу боюнча бөлүмдүн эксперти Сергей Демин;

Президенттин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин экс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева;

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, президенттик аппараттын укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Анарбек Исмаилов;

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңешинин мүчөсү, Сотторду тандоо боюнча республикалык кеңешменин төрагасы Шамарал Майчиев;

Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Садыков;

Эксперттик иш тобунун жетекчиси, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы, профессор Кынатбек Сманалиев;

КРнын президентинин алдындагы соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
legion-arbat
2017-06-06 09:09:18
Сыйлыктарынар кут болсун!!! Аида апчебизда жакшы иштеп турганда алмак экен.
-7
Nendi15
2017-06-06 10:04:47
Кайсы эмгектери үчүн сыйланышты экен
+7
Ananasky
2017-06-06 11:48:27
Nendi15,АШАга кошомат кылгандыктары учун , кама дегенди камап , чыгат дегенди чыгарганы учун.
+5
Adiletto
2017-06-06 17:04:26
Берчи десе берип коёт. Анан албаганда эмне
0
Arslan.2014
2017-06-06 12:11:03
Аида Салянова да кезинде АША дан сыйлык алган.Индира айым муну унутбаса!
+2
Nurkyz1977
2017-06-06 12:13:36
Оозу кыйшак болсо да атасы бай суйлосун. Кимге кааласа сыйлык берип,каалабаганды сыйрытмак салып.
+1
Best.bakyt
2017-06-06 12:50:03
Эмне эмгек кылганы тандандырат мени
+4
tynkatar03
2017-06-06 12:54:01
Кайсы жыргаткан эмгеги учун. Кыргызча бир ооз билбей кыргыз мыйзамын тебелегени учунбу? Ажоонун айдагы менен ар кимге жалаа жабып каматкандыгы учунбу? Ну хотя мне все равно поздравляю "эмгеги синген юрист"))
+2
etaj_rus79
2017-06-06 14:48:57
Кыргызсча суйлой албагандыгы учун алганго менимче
+3
Azatbek83
2017-06-06 22:58:43
Сыйлыкка бириси да татыктуу эмес!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан