Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун алгачкы соту ачык башталды. Жактоочулардын өтүнүчү менен сот 12-июнга жылдырылды

14:00 Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровдун ишин кароону баштады. Конвойдун коштоосунда Садыр Жапаров сот залына алынып келинди. Соттук процесс ачык жүрүп жатат. Жактоочу Шарабидин Токтосунов: “Садыр Жапаровдун иши коомчулукта өтө чоң резонанс жараткан соттук иш. Бүгүн жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү соттук жыйынга катышуусу маанилүү, эл баарын ачык көрүшү керек. Ошондуктан соттук ишти ачык жүргүзүү өтүнүчүбүздү канааттандырып берүүңүздү өтүнөм”, - деди.

14:14 Бул пикирди Жапаровдун башка адвокаттары да колдошту. Соттолуучу Садыр Жапаров: “Акыркы мезгилде бүт коомчулук күбө. Кандайдыр бир кылмыш иши саясатчыларга буюртма менен козголгондо күбөлөрдү жана башкаларды кыйноо жолу менен камап алып жашыруун жол менен соттоп жибергендигине күбө болуп жатабыз. Бул иште дагы сиздер эгерде журналисттерге видеокамераларга тарттырбай, бут тосуп тоскоолдук кыла турган болсоңуздар, бул ишти да буюртма экендигин өзүңүздөр далилдеп коёсуздар. Ошондуктан ачык тартышсын, менин күнөөм болсо эл билсин, баарын көрсүн, менде күнөө болсо эл айтсын. Азыр бийликке, сотко, прокурорлорго эч ким ишенбей калган заман. Маалымат каражаттары башынан аягына чейин чагылдырсын. Азыр мен түрмөдө жаткан күбөлөргө чейин Жапаровго каршы көрсөтмө бер деп кыйноого алганын билдим. Ошол себептен жактоочуларымдын журналисттер баштан аяк катышсын деген өтүнүчүн колдойм”.

Садыр Жапаровдун сөзүнөн кийин залдагы кол чапкан тарапташтарына судья Эмил Кайыпов: “Дагы бир жолу кол чапсаңыздар, анда мен мыйзамдуу укугумдан пайдаланып сот залынан чыгарып салууга акым бар. Сот залында кол чабууга тыюу салынат”, - деп эскертүү берди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттук иш ачык болгондугуна каршылыгы жок экенин билдирип, журналисттерге гана тартса болорун, ал эми уюлдук телефондорго тарткандарга уруксат бербеш керектигин эскертти.

Мамлекеттик айыптоочунун сөзүнө жактоочу Токтосунов каршы чыгып, мыйзамда журналисттер жана жөнөкөй адамдар деп бөлүнбөөрүн, ачык болгондон кийин ким кандай чагылдырса өз эрки экендигин айтты.

14:20 Соттук отурум башталганына 20 мүнөттөй болуп калганда, сот залынын эшигин сыртта кире албай калган журналисттер каккылашып, имаратты милиция курчоого алып көпчүлүгүн киргизбей жатышкандыгын айтышты.
Судья соттук иш башталып калгандыктан конвойго эшикти бекитип эч кимди киргизбөөнү айтты. Сыртта калган айрым журналисттерге сотко катышууга мүмкүнчүлүк берилген жок.

Ал эми Судья "соттун даярдоо ишин гана фото, видеого тартууга бүгүнкү отурумда уруксат берилет, кийинкиде берилбейт", - деди.

14: 25 Соттук отурумда 5-жактоочу Акин Токталиевдин бүгүнкү отурумга келбей калганына токтолушту. "Ал 25-марттан бери жактоочу болуп келе жатат. Ошондуктан отурумду кийинкиге жылдырууну өтүнөбүз", - дешти жактоочулар. Буга "4 жактоочу, 1 укук коргоочу сот залында отурушат. Кийинкиге жылдырууга эч кандай себеп жок, өтүнүчтү четке кагам", - деди сот.

Соттук жыйында Жапаровдун 4 жактоочусу Акин Токталиевге кабар жетпей келбей калгандыгын жана иш менен толук таанышууга убакыт берилбегендигин жүйөө кылып, сотту кийинкиге жылдырууну өтүнүштү.

14:35 Судья өтүнүчтү канааттандырып, кийинки соттук жыйынды 12-июнь күнү саат 14:00гө белгиледи.

14:59 Садыр Жапаровдун жактоочуларынын бири Шарабидин Токтосунов буларга токтолду: "Соттук отурум бүгүндөн башталды. Соттун төрагасы бир нерсеге кызыкдар экендигин билдирип журналисттердин процессти сүрөткө жана видеого тартуусуна каршылыгын билдирди. Биздин журналисттерге уруксат берилишин сураган өтүнүчүбүздү ал тургай мамлекеттик айыптоочулар да колдошту. Бирок бир гана сот макул болбой даярдоо бөлүмүн гана тартууга уруксат берип, соттук териштирүүнү тартууга уруксат бербей койду. Кийинки соттук отурум 12-июнга жылдырылды. Анда дагы ЖМКлардын өкүлдөрүнө фото, видеого тартууга уруксат берилди, соттук отурум ачык өтмөкчү".

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

Садыр Жапаровдун сотунда аны сот залына алып келишти
Садыр Жапаров сот залында өзүн тааныштырып жатат
Жапаровдун сотунда тарапташтары колдоп турушту
Бишкекте Садыр Жапаровдун алгачкы соттук отуруму орун алды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
akil.91
2017-06-06 14:31:24
Только бир нерсени тушунбой келем ошончо коррупционердин ичинде жалгыз гана Омурбек Текебаев менен Садыр Жапаров экоосун эмнеге соттоп, камап атышат??? Билгендер болсо или кандайдыр бир пикири болгондор болсо болушо аласынарбы...
+4
CEO
2017-06-06 15:47:49
akil.91, бийликте отургандардын тазасы жок, баары чекеден коррупционер, айрымдары болгондо да контрабандист-коррупционерлер!!!

Ал эми булар бийликке, Атамбаевге каяша суйлогону учун соттолуп жатышат. Болбосо ири коррупционерлерге балээ да болгон жок...

Соттор болсо бийликтин марионеткалары, куурчактары. Бийлик заранее даярдап берген корсотмо боюнча бийликтин айтканын ишке ашырып отурушат, умный лицо кылып кебетесин...
+3
bakulya2015
2017-06-06 16:44:23
akil.91,Андай эмес бизде тескерисинче да элим жерим деп иштегендерди камайт,олтурот,башка олкого айтат. Ал эми ачка калган тойбостор,саткындар,ХХХ ак уйдо олтурат. Кудайда билди окшойт ак уйго тамчылатып суу откоруп эскертуу берип жаткандайго. Тооба кылдым мээримду Аллахыбызда коз жаштардын жообун кайтаратда. Канчалаган элди сыздатып жатат азыркы бийлик.
+2
taalay25
2017-06-06 18:45:05
akil.91,бул саясат
0
bekov01
2017-06-06 14:34:31
Жапаров ак! Соттордон адилет чечим кутобуз
+6
Sultanmatievkg
2017-06-06 14:36:33
Азыркы соттордун коздорун май баскан.кчадан башка эчнерсе корбойт
+11
KG.Kushtarbek
2017-06-06 14:42:30
Жана еле оклайывда отураттар елего
-1
kutman-kg94
2017-06-06 14:54:58
Мен служба кылган жерго чиркин
-2
dinar-87
2017-06-06 15:02:17
Булар жылдырып жылдырып президентик шайлоону откозуп анан чыгарат чыгарса да.
+6
bakulya2015
2017-06-06 16:48:27
dinar-87,Эн туура 100 пайыз кошулам антпеси шайлоо ойдогудай отпойтда азыркы бийлик оздорун шайлаш керекда,ошого камап турат булар кыйыын. Негизи Мадумаров,Мырзакматов,Текебаев,Торобаев,Жапаров,Ташиев,Жалилов ушуларды колдогондор баары бириксе жакшы болмокта.
+1
Nurjan15
2017-06-06 15:43:27
Бул жерде ашанын устундо чондор кылып жатат булардын баарын ашанын колунан эчтеке келбейт
-3
CEO
2017-06-06 15:53:40
Nurjan15, балээнин башы АШАга барып такалат...

Акаев менен Бакиев жакшы, анын айланасындагылар, уй-було, туугандары жаман болгон деген жомок тугоно элекпи?!!

Ошондо Атамбаев жакшы, аны жаман корсоткондор анын тегерегиндегилер, Атамбаев кардан суттон аппак дегин барбы?!!

+2
aydinnur
2017-06-06 16:06:22
беш киши эл эмес,көпчүлүк сиз менен десе боло Садырдын колдоочулары...келээринде эмне болду,интернеттеги диван баатырларга ишенип((((ак болсо кудай буйурса акталат да.
-2
CEO
2017-06-06 16:23:41
aydinnur, Атамбаев заказ кылып айттырып жатабы?! Ак болсо акталат деген кимге акмак эле ишенбесе эч ким ишенбей калган... Мындай куугунтуктоолор Акаев, Бакиев доорунда да болуп келген. Эл которулуп эле бошотпосо, соттордон адилеттуулук кутуу, кун батыштан чыгып чыгышка батат дегендей эле болуп калды...
+1
tynkatar03
2017-06-06 18:36:50
Жапаров Текебаев биригет болчу все равно. Экоо тен эле айтышты эле го Москвадан жолукканга мумкунчулуктору болбой калганын. Бул экооно Мырзакматов кошулмак. Кучтуу тандем болмок азыркы бийликтин ашмалтайын даана чыгарат болчу ошондон коркуп каматып жатат АША. Учоо тен эле эл деген азаматтар!
0
jbolotov
2017-06-06 18:40:25
Кыргыз эли учун Мекен учун кайсы саясатчы кандай закон чыгарып ким менен соттошту? Жапаровдой саясатчылар ото аз. Мамлекет учун куйуп чет элдиктер менен соттошкону учун камалганына ото куйосунда. Оздон чыккан жат жаман деген макал азыркы бийликтин жузу
+2
keba300989
2017-06-07 09:52:27
Жапаровко ишенбей калдым эмнеге дегенде бул Ата-Журт партиясынан болчу Ата-Журттун бири дагы эмне болуп атат деп койгон жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан