Бишкекте 30-мартта өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол өтүүдө. Жыйынга саясатчылар, эксперттер, журналисттер жана башкалар катышып жатат.
Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков митингдердеги милициянын милдети тууралуу айтты.
"Милиция кызматкерлерине да жарандардын укугун коргоо деген темада сабактар өтүлөт. Биз деле өлкөнүн жарандарыбыз. Митингде режимдик мекемеге бөтөлкө, таш ыргытылып жатса, кырдаалга биз жоопкер болобуз. Кичине жерден чоӊ чыр чыгып кетиши мүмкүн. Ар кандай уюмдар бар, ошол окуядан кийин баш аламандык башталып талап-тоноолор башталса, митингге чыккандардын көбү үйлөрүнө кирип кетишет. Алар тополоӊ бүткөндөн кийин баатыр болуп чыга келишет. Ар кандай сындар айтылууда. Милиция кызматкерлери да сиздердин балдар экенин унутпасаӊар. Коомдук коопсуздукту сактоого милдеттүүбүз", - деди Рысбеков.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев тынч митингде мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулунун сабалышын иликтөө зарылдыгын айтты. ИИМдин өкүлү бул кырдаал боюнча сөзсүз кызматтык иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр жазага тартыларын белгиледи.