2013-жыл - "Иштерман жылынын" алкагында “Бишкек жазы – 2013” студенттердин 11-чыгармачылык фестивалынын 2-туру Бишкек шаарында өтүп жатат. Фестиваль студенттер арасында таланттарды тандоо, алардын чыгармачылыгын өстүрүүгө колдоо көрсөтүү жана Кыргызстандагы жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатын көздөөрүн Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарада музыка, хореография, театр, адабият, фольклор, эстрада искусствосунун бардык түрлөрү көрсөтүлүүдө. Фестивалга Бишкек шаарынын 3 атайын орто жана 16 жогорку окуу жайларынын студенттери катышууда. Фестивалдын гала-концерти 23-майда саат 14:00дө Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт жана лауреаттар менен дипломанттарга баалуу сыйлыктар тапшырылат.