2017-жылдын 1-июлунан тарта Skype Windows Phone 8, 8.1 үлгүсүндөгү смартфондорунан, Windows RT планшетинен, Smart TV телевизорунда иштөөсүн токтотот. Мындан улам миллиондогон колдонуучулар Skype`сыз калышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эски операциялык системдердин өчүрүлүшү Microsoft`тун инфраструктуралык өзгөрүүлөргө өтүп жаткандыгы менен байланыштуу. Мындан ары Skype Android, iOS, Windows 10 жана Windows 10 Mobile операциялык системдеринде жаӊыланып иштейт.
Ошондой эле Microsoft жакынкы күндөрү сервисти чоӊ жаӊылануу менен чыгарат. Бул Snapchat уюлдук тиркемесине окшогон көптөгөн жаӊы өзгөрүүлөр, функциялар камтылган үлгү жакынкы убакытта сунушталары күтүлүүдө.