Алмазбек Атамбаев: "Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаал ШКУ өлкөлөрү үчүн олуттуу коркунуч жаратууда"

Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандагы азыркы кырдаалга тынчсызданып жатканын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын 9-июнда Казакстандын Астана шаарында өткөн 17-жыйынында белгиледи. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө ШКУ өнүгүү багытында жаңы барактарын ачканын айтты.

"Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүү тарыхындагы жаңы баракты ачат. Биз Индия жана Пакистанды ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуунун жыйынтыктоочу учуруна келдик. Кыргыз Республикасы Индия менен Пакистанды кабыл алуу жол жобосунун аякташы жана аларга ШКУнун мүчө мамлекетинин статусун ыйгаруу тууралуу бүгүнкү чечимдерге кол коюуну колдойт", - деди президент.

Алмазбек Атамбаев ШКУнун алкагы кеңейиши менен бирге уюмдун алкагында чогуу иштеш үчүн жаңы саясий жана экономикалык шарттар калыптана баштай турганын белгиледи. Ошондой эле уюмдун иштерин жаңы шарттарга карата ыңгайлаштыруу, перспективдүү пландарга толуктоолорду киргизүү маселеси алдынкы планга чыга баштай турганын белгиледи.

“ШКУнун ишмердигинде коопсуздук тармагындагы кызматташуу негизги багыттардан болуп кала бериши зарыл деп эсептейм. Аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу көңүл борборунда кала берүүгө тийиш. Бул багытта мамлекеттерибиздин ортосунда кызматташуунун механизмдерин өркүндөтүү керек.

Жакынкы Чыгыштагы абалдын татаалдашып жатышы терроризмдин, сепаратизмдин жана экстремизмдин, баңгизаттарынын мыйзамсыз айланышынын жана чек арадагы уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келүүдө. Албетте, ШКУ өлкөлөрү үчүн Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалдын татаалдыгы олуттуу коркунуч жаратууда”, - деди мамлекет башчысы.

"Радикалдуу экстремизмдин идеологиясын таркатуу, Ислам мамлекети (ИГИЛ) жана башка террордук уюмдарын ШКУ мүчө мамлекеттеринин жарандарына жайылтып, анын катарына тартып жатышы терең тынчсызданууну жаратат. Ушуга байланыштуу биз аймактык террордукка каршы түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатышыбыз керек.

Бүгүн биз экстремизмге каршы туруу боюнча ШКУнун конвенциясын кабыл алып жатканыбыз терроризмге каршы күрөшкө кошкон салымыбыз болуп калат деп ойлойм.

Жогоруда аталган факторлордун өсүшүнүн шарттарында канатташ чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө боюнча кызматташууну тереңдетүү зарылчылыгы жаралып жатканын белгилеп кетейин. Биз ШКУ мүчө мамлекеттеринин ортосундагы чек араларды тынчтыктын жана достуктун алкагына айландырышыбыз керек", - деди ал.

Ошондой эле экономикалык абалга токтолгон Атамбаев ШКУ банкын түзүп, аны Бишкекке жайгашышын сунуштады.

"ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча маселени чечүүгө акыры мезгил бышып жетилди. ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүүгө артыкчылык берүү менен бирге Кыргыз Республикасы ШКУну жана Шанхай бешилтигин түзүүчүлөрүнүн бири болгондугун дагы бир ирет эске салып койгубуз келет. Ошол учурда дагы, азыр дагы биз ШКУ банкы Бишкекте түзүлүп, ушул жерде жайгашышы керек деп баса белгилейбиз”, - деди Атамбаев.

ШКУ 2001-жылы түзүлүп, курамына Кыргыз Республикасы, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирсе, бүгүнкү жыйында анын катары Индия жана Пакистан менен толукталды. Учурда Ооганстан, Беларусь жана Иран байкоочулук кылууда. Ал эми Казакстан уюмга төрагалык кылууну Кытайга өткөрүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан