Бишкекте Виктор Сырневдин зер буюмдары көргөзмөгө коюлду

Бүгүн, 15-майда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү сүрөтчү жана зергер Виктор Сырневдин жеке көргөзмөсү ачылды. “Романовдор династиясына 400 жыл” деп аталган көргөзмө 23-майга чейин уланмакчы. Анда баалуу таштар менен кооздолуп жасалган зер буюмдардын түрлөрү коюлган.

 

“Мен бул көргөзмөнү Орусиянын императору Николай IIге жана анын үй-бүлөсүнө арнап жасадым. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай баалуу жасалгалар жараша тургандыгы тууралуу ой жүгүртүп, натыйжада ушул зер буюмдар пайда болду. Бул эмгегим 2 жыл ичинде жасалган”,- деди зергер.  

 

Иш-чарага сүрөтчүнү сыйлаган замандаштарынан сырткары Бельгиядан келген коноктор да катышып, зергердин эмгектерин кызыгуу менен көрүп, Сырнев менен баарлашканга да жетишишти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан