16-майда саат 14:30да Октябрь райондук администрациясында Баатыр энелерди Энелер күнү менен куттуктоо салтанаты өткөрүлөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара президенттин жарлыгына ылайык, май айынын акыркы жекшембисинде белгиленчү Энелер күнүнүн алкагында өткөрүлөт.
Райондук администрациянын жетекчилиги 35 Баатыр энелерди куттуктайт.