Колдонуудан чыгып калган эски имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион сом, жергиликтүү тургундардан 300 миң сом жана айыл өкмөттүн бюджетинен 200 миң сом акча жумшалган. Бүгүнкү бала бакчага керектүү эмеректер сатып алынып, 75 орунга ылайыкталган Тескей-Кожеке балдар бакчасы толук кандуу колдонууга берилди.