Белгилүү америкалык түгөйлөр Бейонсе менен Жей Зинин эгиз наристелүү болору маалымдалган соң алардын жашоосуна коомчулуктун кызыгуусу күндөн-күнгө артууда. Жакын арада эгиздерди жарык дүйнөгө алып келүүгө даярданып жаткан ырчы төрөт үйүнөн корккондугу үчүн өз үйүндө көз жара турганы айтылууда.
Бул үчүн түгөйлөр бир миллиард долларлык жаңы үй сатып алышкан. Ошондой эле эң мыкты делген акушер, дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, төрөт учурунда "Тез жардам" кызматы да үйдүн жанында болот. Эгер төрөт учурунда кыйынчылык болсо, дарыгерлер ырчыны "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткиришет.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында Бейонсенин кош бойлуу экени чет элдик басылмалардын башкы жаңылыгына айланып, анын кош бойлуу сүрөтү интернетте "жакты" белгисин топтоо боюнча рекорд жараткан.