14-15-май күндөрү Лондондо “International Spring Fair and Food Festival” деген аталыштагы 54-эл аралык дипломатиялык көргөзмө өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага 100гө жакын мамлекеттен катышкан кол өнөрчүлөр менен ашпозчулар катышып, улуттук кийимдер жана зер буюмдар менен ар кайсы өлкөлөрдүн салттуу тамак-аштары тартууланды. Кыргызстандын атынан коюлган жибек, кийиз жана зергерчилик буюмдар өзгөчө баага татыган. Көргөзмөдө Фарзана Шаршембиеванын улуттук кийимдери менен зергер Гүлсара Акматова-Дейвистин буюмдары тартууланды.