15-майда Бишкекте "Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгынын экинчи фестивалы өтүп, анда режиссёр Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” тасмасы - “Эң мыкты тасма” наамын жеңип алды. Фестивалдын ачылышында кыргыз кинематографиясына салым кошкон бир топ маданий ишмерлер кызыл килемден өтүшүп, “Манас” кинотеатрынын чоң залына чогулушту. Сыйлыктарды тапшыруу аземин актёр Азиз Мурадиллаев менен ырчы Чолпонай ачышты. Айта кетсек, “Эң мыкты тасма” наамы үчүн толук метраждуу тасмалардан “Сулуулар жана миллион”, “Мезгил жана Алыкул”, “Ханбийке Назик”, “Президент жана бомж”, “Ээнсиреген үй” тасмалары ат салышты. Ал эми кыскаметраждуу тасмалардын ичинен “Жымжырт”, “Майдан” жана “Чайка” тасмасы күч сынашса, даректүү тасмалардын ичинен “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?”, “Таштанбек” жана “Туткун” тасмалары калыстардын сынынан өтүштү. Фестивалда мындан башка да бир топ наамдар ээлерин тапты. Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр төмөнкүлөр болду:
“Эң мыкты көрүмдүү тасма жана продюсер” – “Президент жана бомж” тасмасынын режиссёру Ырыс Окенова менен продюсер Өмүрзак Төлөбеков
“Эң мыкты монтажчы” – "Мезгил жана Алыкул" тасмасын монтаждаган Элдияр Мадакимов
“Эң мыкты үн режиссёру” – “Мезгил жана Алыкул” тасмасынын үн режиссёру Али Ахмадеев
“Эң мыкты көркөм сүрөтчү” – “Ханбийке Назик” тасмасынын көркөм сүрөтчүлөрү Эркин Салиев менен Азамат Мамбетов
“Эң мыкты сценарист” – “Ханбийке Назик” тасмасынын сценарийин жазган Эркин Салиев,
“Эң мыкты аял затынын ролу” – “Ханбийке Назик” тасмасынын башкы каарманы Айдай Салиева
“Эң мыкты эркектин ролу” – “Мезгил жана Алыкул” тасмасынын башкы каарманы Чыңгыз Мамаев
“Эң мыкты оператор” – “Ханбийке Назик” тасмасынын оператору Хасан Кыдыралиев
“Эң мыкты режиссёр” – “Ханбийке Назик” тасмасынын режиссёру Эркин Салиев
“Эң мыкты даректүү тасма” – режиссёр Абдуалим Мамадалиевдин “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” тасмасы
“Эң мыкты кыска метраждуу тасма” – режиссёр Наргиза Маматкулованын "Жымжырт" тасмасы
"Эң мыкты тасма" – режиссёр Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” тасмасы.
Жеңүүчүлөр "Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгынын статуэткасы менен сыйланышты.
Ошондой эле “Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн” режиссёр Геннадий Базаров сыйланды.