Бүгүн, 16-май күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Скрябин, Жаш Гвардия, Ат-Башы, Үч-Коргон, Түрксой, Матыев, Бөкөнбаев, Үмөталиев, Чокморов, Турусбеков көчөлөрүндө жана Белгородская көчөсүндө жайгашкан №65-көп кабаттуу үйдө электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул элек убакытта Чүй облусундагы Кемин, Кара-Балта шаарынын айрым көчөлөрүнө, Кемин районундагы Кызыл-Байрак, Ак-Түз жана Чым-Коргон айылдарына электр жарыгын берүү чектелет. Ал эми Москва районундагы айрым аймактарда саат 10:00дөн 16:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарыктын чектелиши “Жайыл” жана башка көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.