КҮНСЕРЕП: КСДП шайлоо алдында элге жакчу демилгелерин сандыктан алып чыкты

Бүгүн, 15-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Кыргызстан" партиясынын 2 жыл мурун парламенттик шайлоодо жаңы төрөлгөн ымыркайларга 50 миң сомдон сүйүнчү пул беребиз деген демилгеси менен добуш берүүчүлөрдү ишендирүүгө аракет кылганы бүгүнкүдөй эсте. Жогорку Кеңешке өткөн соң “Кыргызстан” берген убадасын аткаруу үчүн палатага мыйзам долбоорун сунуштаган. Ошондо идеяны ишке ашырууга республикалык бюджеттен жылына 7 миллиарддай сом керек экени айтылган болчу. Кийин мындай акчаны табууга көзү жетпеген өкмөт да, партия да сүйүнчү пул маселесин унутта калтырышкан.

Эми сүйүнчү пулду КСДП фракциясы көтөрүп чыкты. Тагыраагы, жөлөк пул берүү системин реформалоонун алкагында. Социал-демократтар даярдаган мыйзам долбоору 1 айга жетпеген убакыттын ичинде 2 окуудан өтүп, учурда анын акыркы окуусу жана президенттин кол коюусуна жөнөтүү гана калды. Демек, мындай ыргакта бул мыйзамдын кабыл алынары шексиз. Документке кол коюлса, анда ал 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. КСДП жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул деп 4 миң сом, 3 жашка чейинки балага ай сайын 700 сомдук жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн көп балалууларга ар бир баласына 500 сомдук жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат. Айырмасы – жөлөк пулду бардыгы ала алгандыгында болот. Азыр аз киреше тапкан үй-бүлөлөр гана балдары үчүн орточо 874 сомдун тегерегинде жөлөк пул алышат. Мыйзамды ишке ашырууга жылына 8 миллиард сомго жакын же учурдагыдан 1 миллиард 800 миллион сом ашыкча каражат республикалык бюджеттен керектелет.

“Албетте, жакшы мыйзам. Бирок ал шайлоо алдында өкмөттүн популисттик кадамы болуп калбашы керек. Кийин биз калпычы болуп калбайлы”. “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова маселени дал ушундайча кабыргасынан койду. Ушул эле фракциянын дагы бир эл өкүлү Кенжебек Бокоев мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жан бактылыкка, жатып ичерликке алып келет деп сындады. Үчүнчү депутаты Мирлан Жээнчороев “жөлөк пул” деген аталыштын өзү маңызын жоготорун билдирди. “Жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү камсыздоо үчүн киргизилген болчу” деп эскертти ал. Айтор, мыйзамды өкмөт каржылап берүүсүнө депутаттар өздөрү ишенбей жатса, элдин да үмүт артып, ишенүүсү кыйын болуп турган кези...

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан акыры бошотулду. Кечээ ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, премьер-министр көпкө созбой арызга кол койду. Баш-аягы 4 айга уланган кресло күрөшү кантип башталып, кандай өнүгүп отурду?

Ушул жылдын 3-февралында Жогорку Кеңештин эки фракциясынын лидерлери Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы Тайырбек Сарпашевди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан четтетүү тууралуу чечим кабыл алышы керек деп чыккан. Көп өтпөй, 9-февралда Башкы прокуратура Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушун өкмөт башчыга жөнөткөн. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы “Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы болгон Ульяна Пакка тиешелүү аресттен чыккан жер тилкесин каттоого көрсөтмө берген” деп айыпталган болчу. Бул боюнча өлкөнүн башкы көзөмөл органы Сарпашевдин кадамына “коррупцияга каршы туруу” мыйзамын бузган деп баа берген. Ал эми Тайырбек Сарпашев буга байланыштуу “Мамлекеттик каттоо кызматы болгону каттоону гана жүргүзөт. Сот чечимди аткарууга Мамлекеттик каттоо кызматын милдеттендирген, ошондуктан жер тилкени сатууга тиешеси жок” деп билдирген эле. 13-февралда Сарпашев кызматынан убактылуу кетүүнү туура көргөн. Айтор, соттор, прокурорлор жана Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда башталган күрөш чиеленишип отуруп, ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия да жыйынтыгын чыгарууну создуктурууга өткөн. Ошондой эле Сарпашевге 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деген да айып тагылып жаткан. Өзү бүгүн билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети курамында кылмыштын белгилери жок деп бул кылмыш ишин токтотту.

4 айдан бери ээси арсар болуп турган креслого ким келет? Бүгүндөн тарта президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталды. Демек, президенттик шайлоого туура 4 ай гана калды. Мамкаттоо кызматы шайлоочулардын тизмеси үчүн жооптуу, андыктан шайлоодо бул мекеменин башчысы болуусу зарыл. Ал эми шайлоонун таза өтүүсү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жооп берет. Аталган эки мекеменин президенттик жарышты өткөрүүдө жүгү оор болот. Бийлик Сарпашевдин ордуна ишеничтүү кадрын алып келүү үчүн баш катырып отурганда, бүгүн “республика-ата журтчулар” БШКнын жетекчилигин да кызматтан кетирүү керектигин айтып чыгышты...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан