Москвада сууга чөгүп каза болгон жигиттин сөөгү мекенине жеткирилип, жерге берилди

Москвада сууга чөгүп каза болгон 26 жашар Сүйүнтбек Субанкуловдун сөөгү мекенине жеткирилип, жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге өздүк булактар билдирди.

"Акча каражатын таап, Сүйүнтбекти Кыргыз өлкөсүнө жибердик. Сөөгү 8-июнда жерге берилди. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу эле. Ата-энеси, биз да жаман болдук", - дейт өздүк булак.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 24-майында Москванын Хорошёво-Мнёвники районундагы дарыяга 1991-жылы туулган Кыргыз жараны чөгүп кетип, аны издөө иштери жүргөнү, кийинчерээк анын жансыз денеси табылганын Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги кабарлаган.

Ал эми 3-июнда окурман "каза болгон жигитти мекенине жеткирүүгө элчилик жардам бербей жатат" деп нааразычылыгын WhatsApp аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nazikbaigazy
2017-06-15 18:12:49
Жаткан жери жайлуу болсун, жооп алып бергенинерге рахмат супер инфо
+2
Kroxa
2017-06-17 04:02:09
Элчиликтен жардам болбосо керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан