Москва шаарында бир жума мурун дарыяга чөгүп кеткен 26 жашар кыргыз жигитинин жансыз денеси табылды
2017-жылдын 24-майында Москванын Хорошёво-Мнёвники районундагы дарыяга 1991-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны чөгүп кетип, аны издөө иштери жүргөн. Кийинчерээк анын жансыз денеси табылган. Бул кабарды Кыргыздын Орусия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты.
"Сууга чөккөн адамды издөөгө Кыргыз элчилигинин расмий билдирүүсүнүн негизинде Москва шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан суучулдар келишти. 31-майда дарыянын Шелепихин жээгинен изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун 26 жашар Сүйүнтбек Субанкулов аттуу тургуну экени аныкталды", - деп айтылат кабарда.
Ошондой эле учурда Кыргыз элчилиги маркумду мекенине жеткирип берүү иштерине көмөктөшүп жаткандыгы белгиленди.