ОшМУда өпкө оорулары боюнча улуттук курултай өтүп жатат

Бүгүн, 16-май күнү Ош мамлекеттик университетинде Орто Азия пульмонологдорунун катышуусу менен өпкө оорулары боюнча 6-улуттук курултайы өз ишин баштады. Иш-чараны Саламаттыкты сактоо министрлиги, Орто Азия пульмонологдор ассоциациясы, Ош облустук ооруканасы, Ош мамлекеттик университети жана башка эл аралык уюмдар биргелешип уюштурууда. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Европа, АКШнын алдынкы дарыгерлери, окумуштуулары катышып жаткан иш-чаранын максаты учурда актуалдуулугу жогору болуп турган өпкө жана дем алуу органдарынын оорулары менен натыйжалуу күрөшүүнүн жолдорун биргелешип табуу, тажрыйба алмашуу болуп саналат. Курултай 2 күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан