17-июнда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу Орусияда старт алды. Салтка айлангандай, аталган мелдеш Дүйнө чемпиондугуна бир жыл калганда өткөрүлөт.
Алгачкы оюнда Санкт-Петербург шаарында Орусия Жаңы Зеландия менен ойноду.
Бул оюнга өлкө президенти Владимир Путин да стадиондон күбө болду.
Оюндун жүрүшүндө үй ээлеринин аракети күчтүү болуп, 31-мүнөттө эсеп ачышты. Коноктордун коргоочусу өз дарбазасына киргизип алды.
Экинчи таймда Федор Смолов оюнга чекит койду. Эсеп 2:0.
18-июнда Португалия-Мексика, Камерун-Чили оюндары болот.