Ош шаарына Өзбекстандын каржылоосу менен мектеп салынат

Быйыл Ош шаарына Өзбекстандын колдоосу менен мектеп салынат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду. Депутаттар Ош шаарына мектеп куруу тууралуу Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишимди жактырды.

Эркин депутат Жанар Акаев салына турган мектеп Казакстандын колдоосу менен курулган "Жетиген" мектебинин абалын кайталап калбаса экен деген оюн айтты. “Ал жакты барып көрдүк, сапатын жакшы деп айта албайбыз. Ошондуктан тендер маселесинде талаптар так сакталса", - деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз моюнуна алат. Андыктан алар курулуш каражаттарынан тартып курулуш техникаларына чейин өздөрү көзөмөл кылат.

Жаңы мектептин имараты учурда кыйроо абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат. Мектеп 630 балага ылайыкташтыралат. Анда билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлө тургандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
meni_kut
2017-06-19 18:33:14
Жанарчик Казакстан начар салды Озбекстан начар салбаса экен дебей озунор салбайсынарбы?Уят го.
+13
kamchatka
2017-06-19 19:21:41
Уят уят уят! Озбекстанга мектеп салдыргыча чатырда эле окуйлучу бийликтеги беш алты акшакал тойбой турган болдунарго акмактар мен уялып жатам Озбектер мектеп курат десе!!!
+5
aravan.kg
2017-06-19 19:22:04
Фуу уят эле болдук,жепжутаттар уялбай ошону айтып чыкканычы
+6
nurbekasr
2017-06-19 19:44:47
Жакшы өнөр таап алышты, ар бир кошуна өлкөгө мектеп салып бергиле деп.Кийинки мектептерди Тажикстан же Афганистанга суранып жалынып жалбарып салдырып алгыла эми.
+3
Fidel
2017-06-19 20:33:04
Кийинки мектепти Сирия же Таджикистан салып берсин, ошондо дагы башыбызды бийик которуп журойлу! Намысы жок акмактар, ошентип отуруп Ошту Озбектерге жон эле карматат экенсинерда, бекер салып береби эле!
+6
AzKumFerDan
2017-06-19 20:36:52
Бийликтегилер жер жутсун силерди уят кылып бутунорго тилемчиге окшоп.Коншуларды карап бир аз түздөгүлөчү өзүңөрдү,эл үчүн иштегиле бай болгурлар качанга чейин ушунтип жүрө бересиңер -ШЕРМЕНДЕ-Кыргыз бийлиги!!!
+3
pixduel1
2017-06-19 20:51:18
Эл бул нерсеге жол бербеш керек уят да! Чондор эртенин ойлобой иш кылып жатат! Бир нерсе болсо качканга умтулат! Уят уят !
+3
Aruwka.89
2017-06-19 23:10:24
Соз жок
+1
Nevestkaa
2017-06-19 23:30:08
Биринчиден салып берели десе макул болдуңарбы бетиңерди табактай кылып эр жигитте кииичине болсо да намыс керек да кана тилинен чаң чыккан саясатчылар.Экинчиден Өзбекстандан чыккан баардык нерсе сапатсыз экинчи Кытай деп койсок да болот .Бизди туңгуюка алып келип койдуңарго тойбостор.
+2
Nevestkaa
2017-06-19 23:31:23
БАНга айдабайсыңарбы сүйлөштөн деле коркуп калдык го.
+1
tyrgon
2017-06-20 00:41:23
мурун болбосо эки коз бири бирин жеп жутуп коймок дегендей бир козун экинчи козуно каршы эми тушундунорда )
+1
KGstan1981
2017-06-20 02:07:44
Жакында Таджикистан менен Афганистан мектеп куруп беребиз дебеселе болду.Атамбаевке уят!
+1
ulan_bek
2017-06-20 03:21:31
Жашоо онолду дейт эч жылыш жок баштагы президент коп нерселерди кылды эле мектеп эмес ГЭС алтын кендер окуучуларга ысык тамак, китеп ремонт бекер болду эле. Озбекстан мектеп салып берип жатса калганын айтпай эле коеюн
+1
kenjebek_a
2017-06-20 10:39:55
Ушул намыс ариети жок окмот депутаттар олкону уят кылды.Элдин чыдамы бутту.Озбектер тарыхта жакшылык кылган эмес.Жон курбайт.Ош окуясынан пайдаланып олгон адамдардын шылтоосу менен акча жасагансынар болду да эми кудай урбадыбы.Эч аксакалдар калбадыбы кой ай дегидей.Эч болбосо Кыяс Молдокасымовтой тарыхчылар айткылачы ЭЛ УЧУН.Бул бийлик Кан менен келген,келгенден бери олум житим кобойду каражолтой бийлик болду.ОЙЛОН, ОЙГОН КЫРГЫЗ.
0
Ajar812
2017-06-20 13:47:23
Акырындап озбектерге жол ачып бератабы.Эми кыргызча суйлоп балдарын кыргыз класска окута башташкан эле озбектер.Бору баласы ит болбойт дегендей булар дагы чыгат бир куну мектеп эмес башкасынын да кереги жок эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан