18-ноябрда Кыргыз улуттук консерваториясында япон музыканттары акысыз концерт коюшат
18-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында япон музыканттарынын ансамблинин акысыз концерти өтөт. Концертте жалаң добулбасчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат. Бул иш-чара Япония менен Кыргызстандын дипломатиялык кызматташуусуна 20 жыл болгонуна карата уюштурулуп жатат.
Башталышы 18:00дө.