Текебаев менен Чотоновдун соту саат 14:00гө жылдырылды

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтмөкчү.

Бүгүнкү процесс саат 09:30да башталышы керек болчу, бирок жактоочулар менен прокурорлордун бул убакытка келбегенине байланыштуу сот саат 10:30га жылдырылган. Андан соң бул убакытка прокурорлор келишип, ал эми жактоочулардан Чотоновдун эле адвокаты келгенине байланыштуу судья жараянды саат 14:00гө жылдырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira12345
2017-06-21 11:46:32
Бугун актап чыгарат окшойт кыргыз эли Текебаевдин кадырын эми билет
+2
Altyn2017
2017-06-21 13:56:35
Текебаевди эптеп шайлоого катыштырбаштын амалы бул
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан