1941-жылдын 22-июнь күнү - постсоветтик өлкөлөрдүн жашоочуларынын ар биринин тагдырына таасир эткен күн. Бул күн СССРдин тарыхында Экинчи дүйнөлүк согуш башталган кайгылуу дата катары жазылат. Анда, 22-июнда таңга жуук согуш тууралуу жарыялабай туруп фашисттик Германия Советтер Союзунун стратегиялык объекттерине, бир канча шаарларына кол салгандыгы белгиленет. Согуштун алгачкы күнүндө Германиянын аскерлери СССРдин 1200 учагын жок кылып, катуу кыргынга учураткан. Бирок Кызыл Армия душмандарга оңойлук менен баш ийбей тургандыгын далилдеген. 1945-жылы 8-майда фашисттик Германия ортоңку Европа убактысы боюнча 8-май күнү саат 23:01де толук капитуляцияланган.
Согуш 1418 күнгө созулуп, СССР 27 миллионго жакын адамын жоготкон.
22-июнга карата жылнаама.