КҮНСЕРЕП: Текебаевсиз шайлоо бийликтин эң талуу жерине айланышы мүмкүн

Бүгүн, 22-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президент Алмазбек Атамбаев башында турган бийликчил партиянын “кан басымын” бир көтөрүп, бир түшүрүп жатат. Кечээ күнү КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, анын 37 мүчөсү аталган партиянын төрагасынын биринчи орун басары кылып Фарид Ниязовду шайлады. Партиянын төрагасынын биринчи орун басары – бул төраганын ролундагы эле адам, аны саясий кеңеш шайлайт жана ал саясий кеңешти башкарат. Эске салсак, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин партиянын төрагалык милдетин ошол кезде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков аткарып баштаган болчу.

Бийликчил партияны жетектөө чылбыры башка адамга өткөрүлүп берилгени дагы бир жолу буга чейин сөз болуп келген кептерде чындыктын үлүшү бар экендигин билдириши мүмкүн. 17-майдагы КСДПнын саясий кеңеши Сооронбай Жээнбековду көрсөтөрдүн алдында президенттикке аттанчу талапкерлердин арасында Чыныбай Турсунбековдун аты-жөнү да айтылып жаткандардын катарында болчу. Бирок чечим жарыялангандан кийин адегенде Турсунбеков запастагы потенциалдуу вариант катары айтылып, атүгүл “КСДПнын атынан президенттикке 2 талапкер чыгат, анын бири азыркы спикер болот” деген сөздөр жүргөн. Көп өтпөй Фарид Ниязов президенттин кеңешчилигинен кетип, шайлоого карата Жээнбековдун штабын жетектей турган болуп калды. Ошондо “Бизде бир гана талапкер бар. Ал азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков” деп айткан эле. Мына эми ошол эле сөздү Ниязов кечээ кайталап айтууга аргасыз болду, тагыраагы “КСДПдан башка талапкер чыгат дегенге эч кандай негиз жок” деди. Ниязов бул билдирүүлөрдү бир гана Турсунбеков үчүн кулак кагыш кылып жаткандай туюлууда.

Ал эми Чыныбай мырза өзү кандай позицияда? Май айынын ичинде адегенде “Спутник” радиосуна "Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм" деп айтып жатканда журналисттин, "балким, ошолордун бири сизсиз?" деген суроосуна, "балким", деп жооп узаткан. Кийин “Азаттыкка” курган маегинде президенттик шайлоого катышарын ырастоодон да, төгүндөөдөн да баш тарткан. "Бул теманы кийин, учуру келгенде талкуулайлы" деп кутулган Турсунбеков. Табышмактантып сүйлөгөн спикер кечээ күнкү партиядагы орун алмашуулар боюнча да комментарий берүүдөн баш тартып жатат. “Шашпай айтып берем” деп журналисттерди жолго салууда. Айтор, Жогорку Кеңештин төрагасы КСДПнын курултайы өтчү 15-июлга чейин жарылып айтабы же 15-июлдан кийин төгүлүп чачылабы, азырынча сыр сандык. Турсунбеков Жээнбековду колдоп, партиялаштарынын катарында анын президент болушу үчүн бардык күчүн жумшайт же Жээнбековго чакырык таштап, КСДПнын атынан эмес, аламанга өз алдынча барат деп күтүүгө болот. Эгерде өз алдынча барууга белсенсе, анда бийликчил партиянын ынтымагына доо кетип, ансыз да ичинен топ-топко бөлүнгөн социал-демократтарга тандоо жасоо кыйынга турушу ыктымал...

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз саясатынын тарых барактарында калчу окуялардын бири орун алды. Темир тордо Өмүрбек Текебаев отурса, анын жанында борттон сырткары калган Роза Отунбаева турду. Бул эки саясатчы тең азыркы бийликти жараткан адамдардын эң сап башында турганын эч ким тана албайт. 2005 жана 2010-жылдары экөө тең өмүрүн тобокелге салып, Акаевдер, кийин Бакиевдер кланын тактан түшүрүүдө эбегейсиз салым кошушкан. 2010-жылы өлкөдө өзгөчө оор кырдаал түзүлүп, мамлекеттин тагдыры чечилип турганда алар Убактылуу өкмөттү жетектешкен. Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти, Текебаев анын Конституциялык реформасы боюнча орун басары болгон. Мына ошондой бир кезде мамлекет башында турган адамдардын бүгүнкү соттук отурумда учурашуусуна тоскоолдук кылган конвойдун аракети өтө орой көрүндү. Буга "Тагдыр экен. Биз ушул үчүн күрөшкөн жокпуз да, туурабы?" деп Отунбаева капаланды.

Андан ары Текебаев президенттик жарышка катышуу үчүн түрдүү тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтты. Биринчиден, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчү соттун бардык инстанцияларынан колдоо тапкан жок. Боршайкомдун талабына ылайык, Текебаев камакта кармалганына байланыштуу шайлоого катышуу иштери боюнча өкүлдү дайындоо үчүн нотариустун катышуусунда кат жүзүндө макулдук жазып бериши керек. Жарышка катышууда керек болгон анын жарандык да, ID-паспорту да тергөө абагынын башчысында экендиги айтылды. “Шайлоо кагазына кол коюп берейин десем, автоматчандар мени тытып жиберейин дешти го. 2 күндөн бери уруксат бербей жатасыңар. Шайлоонун процедурасы белгилүү мөөнөткө чектелген. Эгерде мен аны өткөрүп жиберсем, силер таза шайлоого шек жараткан болосуңар”, - деди Текебаев прокурорлорго, сотко карап. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо, 2011-жылкы президенттик шайлоодо, кийинки 2015-жылдагы дагы бир парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынын таанылышы ал процесстердин Апрель окуясына чейинки добуш берүүлөргө салыштырмалуу таза жана ачык-айрым өткөндүгүндө болуп саналат. Ошол үчүн нааразы болгондор шайлоодон кийин митингдерди өткөрсө да, алар массалык мүнөзгө ээ боло алган эмес. Анын сыңары бул жылда өтүүчү президенттик шайлоодо да атаандаштардын бири-бирине карата калыс болуусу маанилүү. Кайсы бир атаандаш экинчисин оюндан чыгаруу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратпашы керек. Себеби оюндан адилетсиз сүрүлүп калган атаандаш өзү катышпай калганы үчүн биринчинин жеңишин жокко чыгарып баштайт.

Өткөн жылы Текебаевдин минтип айткан жайы бар: “Отунбаева 2010-2011-жылдары дээрлик монархиялык бийликке ээ болуп, анын колунда мамлекеттеги бардык бийлик бутактары кармалып турган. Кийин ал бийлигин улам башкага өткөрүп берип жатты. Отунбаеванын бул эмгеги татыктуу баасын алышы керек”. Муну менен мыйзамды жатка билген депутат-юрист Роза Отунбаева бир кезде чексиз мүмкүнчүлүк түзүлүп турганына карабай, ал бийликти узурпациялап албаганын айткан. Баса белгилей кетүү керек, өткөөл мезгилдин президенти Кыргыздан качып кетпеген жалгыз экс-президент.

“Шайлоо таза болот” деген бийлик добуш берүүдөгү бюллетенге катышууну каалаган бардык талапкерлердин жазылышын да камсыздашы зарыл. Эл добуш берүү аркылуу кимисине ишенет өзү чечиши керек. Баш мыйзамда жазылгандай, Кыргыздын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан