Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот өтүүдө.
Анын башталышына экс-президент Роза Отунбаева келген. Ал Текебаев менен учурашайын дегенде конвой жоокерлери ортого туруп, экөөнүн учурашуусуна тоскоолдук кылышты. Жактоочунун кийлигишүүсү менен Отунбаева Текебаевдин жанына барып, ал-абалын сурап, андан ары "Тагдыр экен. Биз ушул үчүн күрөшкөн жокпуз да, туурабы?" деди.